Ысык-Көлдө «Чыгыштын күнөстүү палитрасы» Эл аралык көчмө пленэри өттү
2026-жылдын 17–24-июль күндөрү Ысык-Көл облусунда «Чыгыштын күнөстүү палитрасы» аттуу Эл аралык көчмө пленэр өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин алдыңкы көркөм окуу жайларынын сүрөтчүлөрү, окутуучулары жана студенттери катышты.
Пленэрдин негизги максаты – эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, чыгармачылык байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана Кыргызстандын жаратылышы менен тарыхый-маданий мурастарын көркөм өнөр аркылуу кеңири жайылтуу болду.
Катышуучулар Ысык-Көлдүн кооз жаратылыш аймактарында жана тарыхый жайларында чыгармачылык иштерин жүргүзүп, кыргыз элинин маданияты жана көчмөн цивилизациясы менен таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жаратылышын, тарыхый жайларын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган 400дөн ашуун чыгармачылык эмгек жаралды.
Пленэрдин программасына чыгармачылык иштерден тышкары лекциялар, көркөм окуу жайлардын презентациялары, чыгармачылык жолугушуулар жана кесиптик талкуулар кирди.
Эл аралык иш-чарага Россия, Беларусь, Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын сүрөтчүлөрү катышты.
«Чыгыштын күнөстүү палитрасы» Эл аралык көчмө пленэри сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык кызматташтыгын кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын маданий мурасын эл аралык деңгээлде таанытууга маанилүү салым кошту.
