Каракол шаарында жаңы Жаштар борбору ачылды
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 6-октябрда жаштардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жана коомдук демилгелерин ишке ашыруусуна багытталган Жаштар борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП), мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана жаштар катышты.
Ачылыш аземинде Союзбек Надырбеков жаштарды жаңы борбордун ачылышы менен куттуктап, жаштар үчүн билим алууга, өзүн өнүктүрүүгө жана коомдук демилгелерин ишке ашырууга шарт түзгөн мындай мейкиндиктердин маанилүүлүгүн белгиледи.
Жаңы борбор жаштардын билим жана тажрыйба алмашуусуна, чыгармачылык менен алектенүүсүнө, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана коомдук демилгелерин ишке ашыруусуна шарт түзгөн ачык мейкиндик катары иш алып барат.
Белгилей кетсек, 2026-жылы өнөктөштөрдүн колдоосу менен Баткен шаарында, Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жана Ош шаарында да жаштар борборлору жана мейкиндиктери ачылган.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги БУУӨПкө жана бардык өнөктөштөргө Жаштар борборун түзүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.
Жаңы борбор Ысык-Көл облусундагы жаштардын потенциалын өнүктүрүүгө, алардын демилгелерин колдоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.
