«Маданият жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынды
Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Демилгечилер – депутаттар Токтобүбү Ашымбаева, Ырысбек Атажанов.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ырысбек Атажанов белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалымат алууга жана жайылтууга, маданий баалуулуктарга кайрылууга жана аларга жетүүгө болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууга багытталган.
«Бүгүнкү күндө маданият улуттук жана улуттар аралык саясий кызыкчылыктардын активдүү өткөрүүчүсүнө айланууда. Маданий кызматташтыкты жөнгө салуу эл аралык укуктук мамилелердин маанилүү компоненти болуп саналат. Ушуга байланыштуу эл аралык маданий кызматташтыктын ар кандай аспектилерин эл аралык жана улуттук деңгээлде жөнгө салуучу ченемдер сунушталууда», – деди.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Камила Талиева маданият тармагында академиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин белгилеп, учурда мамлекеттик заказдын алкагында да маданий долбоорлорду ишке ашырууга болгон суроо-талап өсүп жатканын жүйө келтирди.
Ал эми депутат Уланбек Жаанбаев «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реставрациялоо боюнча долбоордун ишке ашырылышына кызыкты. Буга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан долбоор жакынкы айларда башталарын билдирди.
Депутат Улан Сариев балдар мамлекеттин келечеги экенин баса белгилеп, жаштар арасында синтетикалык баңгизаттарды колдонуу жана башка зыяндуу адаттардын жайылышына тынчсыздануусун билдирди. Ага ылайык, эл өкүлү жооптуу министрликти баңгичиликтин жана башка терс көрүнүштөрдүн зыяндуулугу тууралуу тарбиялык мүнөздөгү тасмаларды тартууга чакырды. Өз кезегинде баяндамачы министрлик тарабынан бул багытта кыска метраждуу тасмаларды даярдоо пландалып, учурда алардын сценарийлери жазылып жатканын маалымдады.
Ал эми депутат Жылдыз Эгембердиева мыйзамды ишке ашыруунун механизмдерин тактап, жергиликтүү маданият үйлөрүнүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүү зарылдыгын айтты.
