Кыргызстан менен Словения биргелешкен кино долбоорлорун пландаштырууда
Маданият министрлиги
11 ноябрь

Кыргызстан менен Словения биргелешкен кино долбоорлорун пландаштырууда

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков Словения Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Аленка Сухадолник менен жолугушту.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 2026-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өттү. Ага Кинематография департаментинин өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-словен кинематография тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен маданий демилгелерди ишке ашыруу жана эки өлкөнүн киноиндустрия өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Анын алкагында Кыргызстанда Словения кино күндөрүн, ал эми Словенияда Кыргыз кино күндөрүн өткөрүү, эки өлкөдө уюштурулган эл аралык кинофестивалдарга катышуу жана биргелешкен кинопродукцияларды жаратуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле улуттук тасмаларды прокатка чыгаруу, анимациялык кинону өнүктүрүү, кинематография тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу маселелери боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун катышуучулары кино маданий диалогдун маанилүү куралы экенин белгилеп, ал аркылуу элдердин тарыхын, каада-салтын жана заманбап чыгармачылыгын таанытууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.