Кыргыз драма театры 98-театр сезонун жаңы премьера менен ачат
8 октябрь

Кыргыз драма театры 98-театр сезонун жаңы премьера менен ачат

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры бүгүн, 8-октябрда 98-театралдык сезонун жаңы премьера менен ачат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Театрдын артисттери акын, драматург Мустай Каримдин «Ай тутулган түндө» пьесасын сахнага алып чыгышат. Башталышы саат 18:30.

Режиссёру - Уланмырза Карыпбаев.

Мустай Каримдин «Ай тутулган түндө» пьесасы 1963-жылы жазылган.