Кыргызстандык активисттер Анкарада өткөн диаспора жаштар форумуна катшты
8 октябрь

Кыргызстандык активисттер Анкарада өткөн диаспора жаштар форумуна катшты

Түркиянын Анкара шаарында 1-6- октябрь күндөрү Экинчи диаспора жаштар форуму болуп өттү. 

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аталган форумга Германия, Бельгия жана Франциядагы 3 жаш активистти талапкер кылып катышууга жолдогон.

Жалпы форумда Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун диаспораларынын 18 жаштан 30 жашка чейинки 25 жаш киши катышты.

Форум учурунда жаштар жалпы иденттүүлүк, тарых, тил жана түрк диаспорасына таасир тийгизе ала турган актуалдуу маселелер боюнча ар түрдүү семинарлар жана мастер-класстарга катышышты. Ошондой эле, ар бир диаспора мүчөсү өзүнчө презентация жасап, бири-бирин жакындан таанууга мүмкүнчүлүк алышты. Форумда спорттук иш-чаралар жана экскурсиялар дагы уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында, бардык катышуучулар 3-октябрда Анкарада өткөн «Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү» майрамына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул майрам Түрк Мамлекеттеринин Уюмуна негиз салган Нахчыван келишиминин 15 жылдыгына арналган. Майрам учурунда түрк тилдүү өлкөлөрдүн элчилери, диаспора башчылары менен таанышуунун мүмкүнчүлүгү болду.

Форумдун акыркы күнүндө, жаштар Түркиянын Адана шаарында өткөн масштабдуу Технофестивалга (Teknofest) катышышты.

Белгилей кетсек, иш-чара Түрк Мамлекеттери Уюмунун алкагында Түркия мамлекетинин Чет элдеги түрктөр жана бир тууган элдер Башкармалыгы тарабынан уюштурулду.