Кыргызстан, Малайзия жана Монголия театрлары Түштүк Кореяда Тажрыйба алмашуу жолугушуусун өткөрдү
Түштүк Кореяда Кыргызстан, Малайзия жана Монголия мамлекеттеринин театр жетекчилери ортосунда “Тажрыйба алмашуу” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын максаты – театр чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана маданий байланыштарды чыңдоо болду.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар театр өнөрүндөгү өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Бул маданий диалог аймактык өнөктөштүктү чыңдоого жана жаңы чыгармачылык долбоорлорго жол ачууга өбөлгө түздү.
Кыргызстандын атынан иш-чарага Улуттук Манас театрынын директору Нурбек Талантбеков жана театрдын дастанчысы Жаңынур Эсеналиева катышып, өлкөбүздүн театр өнөрүн эл аралык деңгээлде таанытты.
Иш-чара катышкан өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү платформа болуп кызмат кылды.
