Таласта маданият үйү бир нече жылдан кийин жаңыланууда
24 июль

Таласта маданият үйү бир нече жылдан кийин жаңыланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусундагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан социалдык объекттерди текшерди.

Алсак, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбеков атындагы 1072 орундуу мектептин капиталдык оңдоо иштери үстүбүздөгү жылы башталган.

Бүгүнкү күндө аткарылган иштер 67 пайызды түзөт.

Белгилей кетсек, мектеп 1978-жылы курулуп андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес.

Мындан сырткары, Курулуш министри Айтматов районунун Жоон-Дөбө айылындагы Т.Жумакулов атындагы маданият үйүнүн капиталдык оңдоо иштерине барды. Маданият үйү заманбап талаптарга жооп берген шартта жаңыланууда.

Учурда жумуштун 62 пайызы аткарылды.

Оңдоо иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.