Кыргызстанда Казакстандын кино күндөрү өтөт
16 август

Кыргызстанда Казакстандын кино күндөрү өтөт

Кыргызстанда 20–22-август күндөрү Казакстандын кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, негизги иш-чаралар “Ала Тоо” кинотеатрында болот. 

Анын алкагында казакстандык белгилүү режиссёрлордун көркөм тасмалары көрсөтүлүп, ар бир киносеанстан кийин авторлор менен жандуу талкуу уюштурулат.

Программа:

  • 20-август, 18:00 – “Казак хандыгы. Алтын тақ” (реж. Рустем Абдрашов)
  • 21-август, 14:00 – “Операция Набат” (реж. Рашид Сулейменов)
  • 22-август, 11:00 – “Жамбыл. Жаңа дәуір” (реж. Жандос Кусаинов)

Көрсөтүүлөр акысыз.

Бул маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Ш.Айманов атындагы “Казакфильм” УК” ААК, ошондой эле Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.