Ала-Бука райондук маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө
13 июль

Ала-Бука райондук маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Ала-Бука райондук маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө, деп билдирет президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү. 

Маалыматка караганда, облус башчысы Тилек Текебаев маданият үйүнүн оңдоо иштери менен жеринде таанышкан. 

Курулуш иштери райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

Бул иштердин негизги максаты – калкка сапаттуу маданий кызмат көрсөтүү шарттарын түзүү жана маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо болуп саналат.

Ыйгарым укуктуу өкүл маданият үйүн максаттуу пайдалануу, жергиликтүү тургундардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, жаштарды маданий жана руханий тарбиялоо багытында натыйжалуу иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле ал курулуш иштери өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүлүшү зарылдыгын эскертип, тиешелүү жетекчилерге көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Тилек Текебаев Ала-Бука айыл аймагынын Көлмө калктуу конушунда жаңы курулуп жаткан “Көлмө”бала бакчасы менен да жеринен таанышты. Мектепке чейинки мекеме райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.