«Кут Ордо»: маданият, улуттук өнөр жана чыгармачылык бир сахнада
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 сентябрь

«Кут Ордо»: маданият, улуттук өнөр жана чыгармачылык бир сахнада

Бүгүн, 2-сентябрда Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Кут Ордо» негизги сахнасында маданий, чыгармачылык жана спорттук иш-чаралар өтөт.

Күндүн программасы саат 10:30да «Биримдик кербени» республикалык жана чет элдик меймандардын көч кербенинин келиши менен башталат. Андан соң «Дүйнө-өмүр» театралдык коюлушу жана «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» маданий иш-чарасы сунушталат.

Ошондой эле сахнада чет өлкөлүк өнөрпоздордун концерттик программалары, республикалык «Шамдагайлар» боз үйдү ылдамдыкта тигүү жана боз үйдү бат чечүү сынактары өткөрүлөт.

Программада «Жашоо жарышы» сынак-эстафетасы, «Башат» чыгармачылык программасы жана байыркы кыргыз жоокеринин согуштук зоот-кемерин илимий-тарыхый реконструкциясынын бет ачары да каралган.

Күндүн соңунда кыргызстандык жана эл аралык чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программа, ошондой эле кыргыз төкмө акындарынын эл аралык «Ырчылардын ыр өрөөлү» айтыш сынагынын жарым финалы өтөт.

Иш-чаралар кыргыз элинин салт-санаасын, маданий мурасын жана улуттук өнөрүн кеңири жайылтууга, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген конокторго кыргыз элинин бай маданиятын таанытууга багытталган.

чыгармачылык бир сахнада
Бүгүн 2-сентябрда Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Кут Ордо» негизги сахнасында маданий, чыгармачылык жана спорттук иш-чаралар өтөт.