“Жаңы ысымдар” – Бишкекте XII эл аралык студенттик театралдык фестиваль башталды
Бишкек шаарында күн мурун, 15-апрелде СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Жаңы ысымдар” XI эл аралык студенттик театралдык фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында өтүп, ага мамлекеттик жана маданий ишмерлер, ошондой эле театр сүйүүчүлөрү катышты. Коноктордун катарында Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, маданият министринин орун басары Марат Тагаев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана КУМИУнун ректору Түмөнбай Колдошов болду.
Ачылыш аземи КУМИУнун Театр факультетинин сахналаштырылган программасы менен башталып, Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына жана Кыргыз театрынын кылымдык тарыхына арналды. Фестивалдын алкагында Казакстандын Т.Жургенов атындагы улуттук өнөр академиясынын студенттери “Гамильтон” спектаклин тартуулашты.
Бул жылы фестивалга Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандан келген студенттик театр топтору катышууда.
14-апрелде башталган фестиваль 18-апрелге чейин уланат.
