Бүгүн "Бишкек Аренанын" расмий ачылышына дагы 10 миң акысыз билет жеткиликтүү болот
Сүрөт ачык булактардан алынды
25 сентябрь

Бүгүн "Бишкек Аренанын" расмий ачылышына дагы 10 миң акысыз билет жеткиликтүү болот

Бүгүн, 25-сентябрда саат 15:00дө ticket.gov.kg сайтында "Бишкек Арена" спорт комплексинин расмий ачылышына дагы 10 миң акысыз билет жеткиликтүү болот.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, анын 5 миңи отургучтарга, дагы 5 миңи фан-зонага каралган.

Ачылыш аземине арналып жалпы 51 миң отургуч орун жана фан-зона каралган. Бүгүнкү күнгө чейин жарандарга 45 миңден ашык акысыз билет берилди.

Салтанаттуу ачылыштын алкагында кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана коңшу өлкөлөрдүн популярдуу аткаруучулары катышкан B.A. DAY масштабдуу фестивалы өтөт.

Иш-чара тууралуу расмий маалымат президенттин Иш башкармалыгынын @ud.gov.kg баракчасында, ал эми артисттер жана фестивалдын программасы тууралуу маалымат @ba_day_ расмий баракчасында жарыяланат.