Бакр, Баястан жана Freeman. Маданият министри рэп аткаруучулар менен жолукту
Маданият министрлиги
12 март

Бакр, Баястан жана Freeman. Маданият министри рэп аткаруучулар менен жолукту

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бүгүн, 12-мартта Бегиш, Бакр, Баястан, Freeman 996 жана башка рэп багытында чыгармачылык менен алектенген жаш аткаруучуларды кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө заманбап музыкалык маданиятты өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо жана чыгармачыл чөйрөдө кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле жаш аткаруучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, рэп маданиятын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу ой бөлүштү.

Министр Мирбек Мамбеталиев жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоо маданий саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, таланттуу жаштарды ар тараптан колдоо боюнча иштер улантыларын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да чыгармачыл кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты.