
Таласта шаардын жана кыргыз тилинин мааракесине карата иш-чаралар өткөрүлдү - фото
Талас шаарынын 80 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана кыргыз тилдин мамлекеттик тил макамын алганына 35 жыл толгонуна карата чоң маданий иш-чара К.Медетбеков атындагы драм театрынын алдында өткөрүлдү. Иш-чараны Талас шаарынын мэриясы жана шаардык билим берүү борбору уюштурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары тарабынан сценкалар, концерттик программалар көрсөтүлүп, 10 мектеп жана 10 бала бакча көргөзмөлөрдү уюштурушту. Иш-чарага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, билим берүү борборунун жетекчиси Турдубек Момоконов, мугалимдер жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Бул иш-чара шаар тургундарына маанилүү тарыхый даталарды эскертип, маданият менен билимдин баалуулугун дагы бир ирет баса белгиледи.