Кыргызстанда Өзбекстандын Маданият күндөрү жыйынтыкталды
2026-жылдын 27-28-июль күндөрү Кыргызстанда Өзбекстандын Маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлаштыю
Эки күнгө созулган маданий иш-чаралар кыргыз-өзбек элдеринин достугун, маданий-гуманитардык кызматташтыгын жана чыгармачылык байланыштарын дагы бир ирет бекемдеди.
27-июлда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи жана концерттик программасы өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбеков катышты.
Министрлер өз сөздөрүндө эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, маданий кызматташтык жана элдердин өз ара достук алакалары жылдан-жылга бекемделип жатканын белгилешип, мындай иш-чаралар маданий мурастарды жайылтууга жана чыгармачыл байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгилешти.
Концерттик программада Өзбекстандын белгилүү өнөрпоздору – Өзбекстандын, Каракалпакстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын эл артисти, Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбеков, ошондой эле Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова жана башка чыгармачыл инсандар өнөр көрсөтүштү.
Ошондой эле «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдери, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги концерттик программаны тартуулашты.
Маданият күндөрүнүн алкагындагы иш-чаралар 28-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өткөн гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Өзбекстан Республикасынын Маданият күндөрү эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле элдердин өз ара түшүнүшүүсүн жана достугун чыңдоого багытталган маанилүү эл аралык маданий иш-чара катары жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды.
