
Маданият министрлиги сүрөтчүлөрдүн Малайзиядагы стажировкасын талкуулады
Кыргыз тарап искусство жана маданият тармагында тажрыйба алмашууну тереңдетүү, эки өлкөнүн тең чыгармачылык дараметин ачууга мүмкүндүк берүүчү артисттерди, аткаруучуларды жана маданият кызматкерлерин окутууну жана стажировкаларды уюштурууну сунуштады.
Маданий кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп эки өлкөнүн жарандарына бири-биринин бай маданий мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзө турган “Маданият күндөрүн” өткөрүү сунушу болду.