VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 1-6 сентябрдагы иш-чараларына билет сатып алуу жолдору
21 август

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 1-6 сентябрдагы иш-чараларына билет сатып алуу жолдору

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын билет талап кылынган иш-чараларына билеттерди онлайн жана офлайн түрдө сатып алууга болот.

Билеттерди онлайн сатып алуу үчүн Улуттук электрондук билет системасынын nebs.gov.kg расмий сайтына кирип, каттоодон өтүп, керектүү иш-чараны жана орунду тандап, андан соң төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, ЭЛКАРТ банк карталары жана ELQR QR-коду аркылуу жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, 27-августтан тартып билеттерди Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык комплексинин кассасынан, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жайгашкан эки расмий билет сатуу түйүнүнөн жана Бостери айылындагы «Дордой Номад» амфитеатрынын билет сатуу түйүнүнөн сатып алууга болот.

Эске салабыз, Кырчын капчыгайында өтүүчү иш-чараларга, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы музейине кирүү акысыз.

Электрондук билет сатып алган көрүүчүлөргө билеттин QR-кодун башка адамдарга бербөө жана социалдык тармактарда жарыялабоо сунушталат.