Нарын облустук драма театрына жаңы көркөм жетекчи дайындалды 
Маданият министрлиги
12 март

Нарын облустук драма театрына жаңы көркөм жетекчи дайындалды 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Ишенбек Аманжолов М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна дайындалды.

Ведомстводон кабарлашкандай, ал 2026-жылдын 10-мартынан тартып 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде иш алып барат.

Ишенбек Аманжолов 1994-жылдын 10-сентябрында Нарын облусунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бакалавр даражасын алган. Андан соң Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде билим алып, Россия Федерациясындагы ГИТИСте магистратура багыты боюнча окуусун уланткан.

Эмгек жолунда театр искусствосунда актерлук жана режиссерлук ишмердүүлүк менен алектенип келет. 2019–2023-жылдары Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында артист болуп эмгектенген. 2025-жылдан тартып К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрында режиссер болуп иштеп келет.

Ал бир катар спектаклдерди сахналаштырган. Алардын катарына “Эрте жаздагы турналар” (2022), “Кыямат” (2024), “Каргыш” (2025) жана “Туздуу чөл” (2026) спектаклдери кирет.