«Бугу Эне» Авиньону багындырды: «Учур» театры эл аралык фестивалда спектакль тартуулады
17 июль

«Бугу Эне» Авиньону багындырды: «Учур» театры эл аралык фестивалда спектакль тартуулады

Ушул жылдын 16-июлунда Франция Республикасынын Авиньон шаарында өтүп жаткан «Avignon Off 2026» эл аралык театралдык фестивалынын алкагында мамлекеттик «Учур» жаштар театрынын «Бугу Эне» спектаклинин премьерасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Спектакль Авиньондогу «Arrache Coeur» театрынын сахнасында көрүүчүлөргө тартууланып, кыргыз маданиятын жана театр өнөрүн эл аралык коомчулукка таанытты. Кыргыздын салттуу музыкасын, улуттук мифологиясын жана адам менен табияттын өз ара байланышын көркөм чагылдырган спектакль көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, театр адистери менен эксперттердин жогорку баасына ээ болду.

«Бугу Эне» спектакли залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде даярдалган. Инсценировканын автору — Бурул Асанова, спектаклдин режиссеру — Азамат Болорбек уулу.

Мамлекеттик «Учур» жаштар театрынын директору — Мирлан Илебаев, көркөм жетекчиси — Улан Өмүралиев.

Белгилей кетсек, «Бугу Эне» спектакли 2026-жылдын 25-июлуна чейин «Avignon Off 2026» эл аралык театралдык фестивалынын программасынын алкагында көрсөтүлүп, Франциянын жана башка өлкөлөрдөн келген көрүүчүлөргө тартууланат.

Кыргызстандын аталган абройлуу эл аралык фестивалга катышуусу улуттук театр искусствосун дүйнөлүк маданий мейкиндикте жайылтууга, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын кеңири таанытууга жана өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.