Бишкекте ысыкка байланыштуу Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер өтпөй турган болду
www
17 июль

Бишкекте ысыкка байланыштуу Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер өтпөй турган болду

Бишкекте 17–18-июлга белгиленген Ала-Тоо аянтындагы музыкалык кечелер жогорку аба температурасына байланыштуу өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаар тургундарынын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Мэрия жарандарды абанын температурасы жогору болгон күндөрү мүмкүн болушунча күндүн түз нурунда көпкө жүрбөөгө, жетиштүү суу ичүүгө жана ден соолугуна кам көрүүгө чакырды.

Кийинки маданий иш-чаралардын өтүү күнү тууралуу кошумча маалымат берилет.