Бишкекте ШКУнун туризм боюнча III Жаштар форуму өттү
Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында 17-июлда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, туризм тармагынын адистери, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары катышты.
Форумдун жүрүшүндө ШКУ мейкиндигинде туризмди өнүктүрүү, тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана уюмга мүчө мамлекеттердин туристтик потенциалын илгерилетүү маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл экологиялык, тоо жана маданий туризмди өнүктүрүүгө, жаштар демилгелерине жана туризм тармагын санариптештирүүгө бурулду.
Катышуучулар ШКУнун бирдиктүү санариптик туристтик платформасын түзүү боюнча демилгелерди көтөрүп чыгышты. Аталган платформага иш-чаралардын календарын жана туристтик агымдар боюнча маалыматтарды камтуу сунушталды.
Ошондой эле туристтик алмашууларды өнүктүрүү максатында визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын туризм тармагынын инвестициялык жагымдуулугу, экотуризмди өнүктүрүү, академиялык алмашууларды уюштуруу, маалыматтык турларды өткөрүү жана заманбап маркетингдик инструменттерди кеңири колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Форумдун алкагында туризмди өнүктүрүүдөгү жаштардын ролуна өзгөчө көңүл бурулуп, жаштар инновациялык долбоорлорду сунуштап, тармакты өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууда маанилүү орунду ээлей тургандыгы белгиленди. Ошондой эле билим берүү алмашуулары жана ШКУнун Жаштар кеңешинин ишмердүүлүгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылды.
Форумдун жыйынтыгында ШКУнун Катчылыгы туризмди жана жаштар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
