Кыргызстан жана Тажикстан маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоодо
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Тажикстандын маданият министри Матлубахон Амонзода менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Тараптар кыргыз-тажик маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулап, маданият, билим берүү жана туризм тармагындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылы Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн ийгиликтүү ишке ашырылганы, ошондой эле Кыргызстанда Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү белгиленип, бул чыгармачылык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаары белгиленди.
Алдыда боло турган эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын юбилейлик саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары да чыңдоого жана өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө умтула тургандыгын ырасташты.
Маалымдама: Кыргызстанда 17-майдан 22-майга чейин Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрү өтүп жатат.
