Көчмөн цивилизациясы тууралуу эл аралык илимий жыйнак даярдалууда
21 август

Көчмөн цивилизациясы тууралуу эл аралык илимий жыйнак даярдалууда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2026-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдө өтө турган «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдарынын негизинде эл аралык илимий жыйнак басмага даярдалууда.

Жыйнакка конференциянын катышуучуларынын көчмөн цивилизацияларынын тарыхын, маданиятын жана мурастарын изилдөөгө, ошондой эле номадизмди дисциплиналар аралык багыт катары түшүнүүдө жана изилдөөдө заманбап илимий ыкмаларды жана маалыматтык технологияларды колдонууга арналган илимий макалалары киргизилет.

Басылмага Евразиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын көчмөн цивилизациялары менен байланышкан кеңири маселелерди камтыган, 28 өлкөнүн окумуштуулары жана адистери тарабынан даярдалган изилдөөлөр киргизилет.

Өзгөчө көңүл салттуу билимдерди жана тажрыйбаларды сактоо жана өнүктүрүү, көчмөн салттардын муундан-муунга өтүшү, элдердин жана маданияттардын өз ара байланышы, ошондой эле санариптештирүү жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан заманбап чакырыктарга бурулат.

Илимий изилдөөлөрдүн өзүнчө бөлүгү 2014-жылдан бери эл аралык спорттук-маданий долбоорго жана Кыргызстандын маанилүү бренддеринин бирине айланган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын феноменине арналат.

Жыйнактын материалдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салттуу спорт түрлөрүн жана маданий мурастарды сактоодогу жана жайылтуудагы ролун, ошондой эле эл аралык илимий жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанисин кароого мүмкүндүк берет.

Катышуучулардын макалалары авторлор тарабынан сунушталган тилдерде жарыяланат. Жыйнактын басма нускасы конференциянын катышуучуларына жеткиликтүү болот.