VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Улуу тоолор баяны» көргөзмөсү ачылды
1 сентябрь

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Улуу тоолор баяны» көргөзмөсү ачылды

1-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында «Улуу тоолор баяны» аттуу живопись жана скульптура көргөзмөсү ачылды.

Экспозицияда кыргыз элинин тарыхы, көчмөн маданияты, салт-санаасы жана руханий мурасы 45 живопись чыгармасы жана скульптуралык композициялар аркылуу чагылдырылган.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Тургунбай Садыков атындагы Сүрөт академиясынын окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрүнүн эмгектери коюлду.

«Улуу тоолор баяны» — көчмөн дүйнөнүн тарыхын жана баалуулуктарын искусство тили аркылуу баяндаган масштабдуу маданий экспозиция.