Чолпон-Атада ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалы өтүүдө
www
17 июль

Чолпон-Атада ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалы өтүүдө

2026-жылдын 16-июлунда Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн Эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Фестиваль Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, ага ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык калыстар тобу жана кино тармагынын өкүлдөрү катышты.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министри Мирбек Мамбеталиев расмий ачып, кино маданий кызматташтыкты чыңдоодо жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Фестивалдын алкагында эл аралык кино көрсөтүүлөр, улуттук кино күндөрү, чыгармачылык жолугушуулар жана мастер-класстар өткөрүлөт.

Иш-чара 19-июлга чейин уланат.