президенттин администрациясы
1 сентябрь
Көчмөндөр оюндарынын алкагында 800дөн ашык маданий иш-чара өткөрүлөт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында беш күндүн ичинде 800дөн ашык маданий иш-чара өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын штаб жетекчиси Гүлбара Абдукалыкова Бишкекте өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, маданий программа беш негизги аянтчаны камтыйт. Алар:
- Кырчын капчыгайындагы этношаарча,
- «Рух Ордо» маданий борбору,
- ат майданы,
- «Дордой-Номад»,
- Көчмөндөр цивилизациясынын борбору.
Программанын алкагында эл аралык фестивалдар, концерттер, сынактар, мастер-класстар, этнобазар жана башка маданий иш-чаралар өткөрүлөт.
Учурда маданий программага катышуу үчүн 400дөн ашуун адам расмий аккредитациядан өттү.
