Кыргызстанда мыкты маданий туристтик өнүмдөрдүн жаратуучуларына 100 миң сом төлөнөт
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Корея Республикасынын ЮНЕСКОнун колдоосу алдындагы Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык маалыматтык-тармактык борбору (ICHCAP) менен кызматташтыкта өткөрүлүп жаткан маданий туристтик өнүмдөрдү жаратуу боюнча республикалык сынакка табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 20-октябрына чейин узартылганын маалымдайт.
Сынактын максаты – кыргыз элинин салттуу оозеки чыгармачылыгынын сюжеттери жана образдарына («Манас» эпосунун үчилтиги, кенже эпостор, уламыштар, жомоктор жана макал-лакаптар) негизделген, заманбап дизайн менен рыноктун талаптарын айкалыштырган уникалдуу маданий туристтик өнүмдөрдү жаратуу.
Баш байге – 100 миң сом. Ошондой эле мыкты чеберчилик, өзгөчө идеялар жана кызыктыруучу сыйлыктар каралган.
Табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 20-октябрына чейин.
Табыштамалар Google Form жана электрондук почта аркылуу кабыл алынат: psckyrgyz@gmail.com
Белгилей кетсек, сынакка табыштамаларын 2026-жылдын 31-июлуна чейин тапшырып койгон катышуучуларга да өз долбоорлорун толуктап, өркүндөтүп кайра сунуштоого мүмкүнчүлүк берилет.
