Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасы 2-сентябрда расмий ачылат
Бүгүн, 1-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасынын этно-базары жана этно-ашкана шаарчалары келгендерге өзгөчө атмосфера тартуулап жатат.
Этно-базарда кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү, салттуу буюмдары жана заманбап кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кеңири сунушталууда. Ал эми этно-ашканада улуттук тамак-аштын түрлөрү даярдалып, келгендерге кыргыз ашканасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
“Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасынын расмий ачылыш аземи 2-сентябрда өтөт. Иш-чаралардын алкагында маданий программа, улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана көчмөндөрдүн жашоо-турмушун тааныткан атайын жайлар уюштурулат.
Этно-шаарча 6-сентябрга чейин улантылып, жергиликтүү жана чет өлкөлүк меймандарга кыргыз элинин бай тарыхы, салты жана маданий мурасы менен таанышууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Этно-шаарчага кирүү акысыз.
Бул жай VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанилүү маданий аянтчаларынын бири болуп саналат.
