
Чүй театрынын Нарын облусуна болгон гастролу аяктады
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын артисттери Нарын облусунда гастролдо болуп кайтышты.
Театрдан билдиришкендей, өнөр ээлери гастролдун жүрүшүндө нарындыктарга ”Эрте келген турналар” жана “Келиндер козголоңу” спектаклин коюп беришкен.
Спектаклдар Нарын драма театрынын, Ат-Башы районундагы маданият үйүнүн жана облустагы бир катар билим берүү мекемелеринин сахнасында коюлду.
Театр сүйүүчүлөрү артисттерди жылуу кабыл алып, алар тартуулаган спектаклдарды кызыгуу менен көрүп, колдоп турушкан.
Айрым артисттерге жергиликтүү администрациянын жана коомдук уюмдардын атынан Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылган.