Археологиялык изилдөөлөрдү жөнөкөйлөштүрүү: Масалиев бул мыйзам долбоору тарыхый мурастарды жок кылаарын айтты
Жогорку Кеңеште “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Юстиция министри Аяз Баетов түшүндүргөндөй, мыйзам долбоорунун максаты – курулуш, жол оңдоо иштериндеги жана жерлерди трансформациялоодогу бюрократияны жоюу.
“Мыйзам долбоору курулуш, жол оңдоо иштериндеги же жерлерди өздөштүрүүдөгү археологиялык изилдөөлөр процедурасындагы административдик барьерлерди жоет жана убакытты үнөмдөйт”, – деди министр.
Бирок буга депутат Исхак Масалиев кошулган жок.
“Мен сиздин жерлерди трансформациялоону оңойлотуу деген шылтооңузга кошулбайм. Чарбалык иш жүргүзүп жатканда, бүгүнкү мыйзамга ылайык, археологиялык корутунду керек. Силер так ушуну жокко чыгарып жатасыңар. Мыйзам долбоору боюнча, археологиялык жоопкерчилик боюнча ыйгарым укуктуу орган ким болот?” – деди депутат.
Баетовдун айтымында, археологиялык изилдөөлөрдүн корутундусу боюнча атайын уруксат берүүчү орган – Маданият министрлиги. Ал мыйзам долбоорун сунуштоонун дагы бир себеби – археологдордун жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Учурда 14 эксперт-археолог бар жана анын 13ү Бишкек шаарында болсо, бирөөсү Ош шаарында.
“Маданият министрлиги эстеликтерди, тарыхый объектилерди сактай албай жатат. Чыгыш, Батыш автобекеттерин, Ысык-Көл мейманканасын, Лениндин эстелигин, Шампанвинкомбинаттын кооз имаратын сактай албай коюшту. Анан кайдагы археология? Баш-аягын жыйнай албай жүрүшсө...
Археолог жетпесе көбөйткүлө да, 130 кылгыла. Иштей албайт десеңер, кетиргиле, башканы алгыла. Ар бир нерсе алдын ала изилдениши керек, ошондо кийин суроо жаралбайт.
Менин коркконум бул мыйзам аркылуу биз мурастарыбызды жоготуп алышыбыз мүмкүн. Дебюрократия десеңер, министрликтерди кыскарткыла, МинКаб курамын кыскарткыла. Жарандардын кайсы бир нерсеге уруксат алуу түйшүгүн азайтыш керек. А силердин 13 киши эптей албай жатат, ошого археологиялык изилдөөнү жоюш керек дегениңер туура эмес”, – деди депутат.
Ал бул мыйзам эч кандай өзгөртүү алып келбей турганын кошумчалады.
“Мыйзам долбоору түздөн түз дебюрократияга багытталган. Маданият министрлиги маданият менен алектенбей, жасаган ишинин 70 пайызы археологиялык документтерди жөнөтүү болуп калган. Мисалы, Орто-Сай айылында мектеп жок, миңдеген үйлөр турат. 1 гектар жер бар, ошол жерге мектеп куралы десек, археология үчүн жылдап күтүүгө туура келип калды”, – деди Аяз Баетов депутатка жооп катары.
Жыйынтыгында, аталган мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.
