Чүй облустук театры быйылкы сезонду "Жолугушчу жолдор бар" аттуу жаңы спектакль менен ачат
13 сентябрь

Чүй облустук театры быйылкы сезонду "Жолугушчу жолдор бар" аттуу жаңы спектакль менен ачат

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры быйылкы, 34-сезонду 20-сентябрда "Жолугушчу жолдор бар"  аттуу жаңы спектакль менен ачат.

Театрдан билдиришкендей, спектакль драматург Медетбек Сейталиевдин “Алыкул” пьесасынын негизинде эмгек сиңирген артист, театрдын көркөм жетекчиси Оросбек Айдаров тарабынан сахналаштырылат.

Сценография – Садыр Ниязакунов, композитор -Таалай Бейшеев, балетмейстер -Бегайым Райымбекова.

Алыкул Осмоновдун ролунда Нурсултан Кадыр уулу жана Надырбек Калыбек уулу, поэттин сүйүктүүсү Зейнептин ролунда – Жазмина Жамалбекова жана Гуляра Ниязалиева. 

Спектаклга ошондой эле артисттер Аэлита Ысакова, Бекзат Каныбек уулу, Клара Токтобаева, Асель Басылбекова жана Назгүл Мамыровалар тартылган.