Ош шаарында  музей тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланды
20 май

Ош шаарында музей тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланды

Ош шаарында Эл аралык музейлер күнүнө карата музей тармагында эмгектенген кызматкерлерди сыйлоо аземи өттү.

Мэриядан кабарлашкандай, иш-чара “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде уюштурулду.

Аземге Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө музей кызматкерлерине ардак грамоталар тапшырылды. Расмий өкүлдөр тарабынан куттуктоо сөздөр айтылды. Тарыхый мурастарды сактоо, изилдөө жана коомчулукка жайылтуудагы эмгектин маанилүүлүгү белгиленди

Катышуучулар ошондой эле “Сулайман-Тоо” тарыхый-музей комплексинин экспозициялары менен таанышып, маданий мурастарды коргоо жана аны келечек муунга өткөрүп берүү ишине колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын айтышты.