Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтүүдө
Маданият министрлиги
28 июль

Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтүүдө

2026-жылдын 27-июлунда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбеков катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алар өз сөздөрүндө кыргыз-өзбек достук мамилелеринин чыңдалышына, маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңейишине жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы чыгармачылык алакалардын мындан ары да өнүгүшүнө Маданият күндөрүнүн өзгөчө салым кошорун белгилешти.

Иш-чарага ошондой эле эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданият ишмерлери, чыгармачыл жамааттар, жергиликтүү тургундар жана Ысык-Көлдүн коноктору катышты.

Ачылыш аземинде Өзбекстандын белгилүү өнөрпоздору – Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова жана башка чыгармачыл инсандар өнөр көрсөтүштү.

Ошондой эле көрүүчүлөргө «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдеринин жаркын бийлери, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин коштоосундагы концерттик программа тартууланып, эки элдин маданий жакындыгын жана достугун даңазалаган чыгармалар жаңырды.

Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрү кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн бай маданий мурасын өз ара таанытууга багытталган маанилүү маданий окуялардын бири болуп саналат.

Маданият күндөрүнүн иш-чаралары 28-июлда Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өтө турган гала-концерт менен жыйынтыкталат.