Димаш Кудайбергенге Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылды
Дүйнөгө таанымал казак ырчысы Динмухаммед (Димаш) Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды.
Жогорку даражадагы сыйлык Чолпон-Атада өткөн “Мейкин Азия” эл аралык фестивалынын жабылыш аземинде тапшырылып, президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгы окулду.
Өз кезегинде ырчы бул жогорку сыйлык үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, кыргыз элине жылуу сөздөрүн айтты.
Сыйлык боордош Кыргызстан менен Казакстандын маданий кызматташтыгын жана достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн берилди.
