Маданият тармагынын бюджети дээрлик 7 млрд сомго жетти
27 февраль

Маданият тармагынын бюджети дээрлик 7 млрд сомго жетти

Президент Садыр Жапаров төрагалык кылган республикалык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2025-жылдагы маданият тармагындагы негизги жетишкендиктер тууралуу маалымат берди.

Ал маданият коомдун руханий негизи экенин белгилеп, тармакта масштабдуу реформалар жана инвестициялар ишке ашканын айтты.

Бюджеттик колдоо

2021-жылы маданият тармагынын бюджети 2,8 млрд сом болсо, 2025-жылы 6,9 млрд сомго жетип, дээрлик 2,5 эсеге өстү.

Президенттин Жарлыгынын алкагында 2030-жылга чейинки маданият жана искусствону өнүктүрүү программасы кабыл алынды.

Материалдык-техникалык база

2025-жылы бул багытка 851 млн сом бөлүндү:

• 72 автобус – 359 млн сом;

• 21 комплект музыкалык аспап – 28 млн сом;

• LED-экрандар – 241 млн сом;

• Steinway роялы, жарык-үн жабдыктары – 90 млн сом.

Имараттарды оңдоого кошумча 177 млн сом каралды.

Ири инфраструктуралык долбоорлор

• Б.Бейшеналиева атындагы КУМИУга жаңы корпус – 990 млн сом;

• М.Күрөңкеев атындагы окуу жайга жаңы имарат – 750 млн сом.

Манас шаарында 3 200 орундуу филармония жана жаңы музей курулууда.

Маданий кызматтардын өсүшү

Театрлардын атайын каражаттары 155 млн сомго жетти.

Коюулуштар 1186дан 3528ге чейин (+197%), көрүүчүлөр 369 миңден 1,45 млнго чейин өстү.

Музейлерге келгендер 383 277ден 1 237 395 адамга жетти.

Кинематография

2021-жылы 16 тасма тартылса, 2025-жылы 63кө жетти.

Кино көрсөтүүдөн түшкөн киреше 2,5 млн сомдон 21,9 млн сомго өстү.

Каржылоо 33 млн сомдон 648,3 млн сомго чейин көбөйүп, 19,6 эсеге артты.

2026-жылдын 25-февралында Лондондо «Beyond the Silk Road» даректүү тасмасынын бет ачары өттү. Башкы каарман — BAFTA сыйлыгынын ээси Доминик Уэст.

Улуттук мурас

Алгачкы жолу “Улут деми – Уңгу жол” параддык гобелени даярдалып, Улуттук тарых музейине жайгаштырылды.

Жаштар саясаты

Каржылоо 4 млн сомдон 50 млн сомго чейин өстү.

Иш-чаралар 9дан 468ге чейин көбөйдү.

Маданият министрлиги билдиргендей, бул жетишкендиктер мамлекет башчысынын колдоосу менен ишке ашууда. Алдыда инфраструктураны жаңылоо жана улуттук мурасты даңазалоо иштери улантылат.