Ошто “Чолпонум” мюзикли аншлаг менен өттү
Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында 18-майда Кыргыз Республикасынын эл артисти, дастанчы-композитор Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган “Чолпонум” мюзиклинин бет ачары өттү.
Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, премьера аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.
Кечеде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. Арстанкулов, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н. Закиров, Ош облустук профсоюздар кеңешинин төрагасы Т. АТажиев, экс-депутат, “Энелер коому” коомдук бирикмесинин төрайымы А. Алтыбаева ошондой эле филармониянын директору А. Тоотаев сөз сүйлөп, чыгармачыл жамааттын эмгегине жогорку баа беришти. Алар ардак грамоталарды тапшырып, чыгармачыл топко каалоо-тилектерин билдиришти.
Мюзиклдин режиссёру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Н. Мендебаиров, либреттонун автору Н. Рыскул кызы, башкы дирижёр И. Малдыбаев.
Аталган мюзиклди Бишкек шаарында жана айрым аймактарда коюу пландалууда.
