Бишкекте «Кызыл гвоздика — муундардын эсинде» XXV фестивалы өтөт
Бишкек шаарындагы «Жаштык» шаардык маданият үйүндө 17-апрелде «Кызыл гвоздика — муундардын эсинде» аттуу XXV ачык шаардык фестиваль-сынагынын экинчи тандоо туру өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган жана ардагерлердин чыгармачылык активдүүлүгүн колдоого, ошондой эле жаш муундарды патриоттук тарбиялоого багытталган.
Фестивалга Бишкек шаары жана Чүй облусунан 10 чыгармачыл жамаат катышат. Жалпысынан сахнада 73 номер сунушталып, анда 153 катышуучу — согуш жана эмгек ардагерлери өз өнөрүн тартуулашат.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өтөт:
* вокалдык-хордук искусство
* жеке ырдоо
* көркөм окуу
* аспаптык аткаруу
Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат. Бардык катышуучуларга ыраазычылык грамоталар тапшырылат.
Фестивалдын гала-концерти 2026-жылдын 6-майында Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.
