
Түркиянын белгилүү блогерлери Кыргызстанга келди
«Манас» эл аралык аэропортунда бүгүн боордош Туркиядан келген белгилүү блогерлерди тосуп алуу аземи өттү.
Конокторду «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлү Чынгыз Токтобековдор тосуп алышты.
«Бүгүн, боордош, бир-тууган Туркия элинин атактуу, миллиондук катталуучулары бар блогерлери Кыргызстанга келип отурушат. Конокторубуз 24-27-сентябрь күндөрү өлкөбүздүн бардык туристтик жайларын көрүшүп, элибиздин меймандостугу менен таанышышат. Мындай достук иш-чара Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын түзгөн жылуу, бир-туугандык мамилелеринин жемиши болуп отурат. Анткени, бул атактуу блогерлер түрк элине керемет жаратылышыбызды, маданиятыбызды, меймандостугубузду көргөзүү менен туризмдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп, Кыргызстанды дүйнөгө ачып беришмекчи», деп билдирди Манасбек Самидинов.
Бул визит Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туристтик байланыштарды чыңдоого, ошондой эле өлкөбүздү эл аралык аренага таанытууда маанилүү кадам болуп саналат.