Кыргызстанда алгачкы ирет: Grammy коучунун дүйнөлүк вокалдык долбоору
17 март

Кыргызстанда алгачкы ирет: Grammy коучунун дүйнөлүк вокалдык долбоору

1-2-апрель күндөрү Бишкекте дүйнөлүк жылдыздардын вокалдык коучу, GRAMMY академиясынын мүчөсү жана GrammyU ментору Карина Купердин уникалдуу эки күндүк мастер-классы өтөт.

Өтө турган жери: Кыргыз улуттук «Манас» театры. Башталышы: 11:00.

Карина Купер – дүйнө жүзү боюнча 50 000ден ашуун окуучуну окуткан, Tom Jones, Eric Benet, Dave Koz сыяктуу атактуу артисттер менен иштеген вокалдык коуч. Ал Jennifer Lopez, Celine Dion, Beyoncé, Lady Gaga, Miley Cyrus сыяктуу жылдыздардын мугалимдеринен билим алган.

Мастер-класстын программасы:

  • Вокалдык остеопатия – үн менен иштөө боюнча революциялык ыкма;
  • Дем алуу илими – Биофоника – үн көзөмөлдөө жана өнүктүрүү техникасы.

Бул мастер-класс артисттер, вокалисттер, актерлор, теле- жана радиожурналисттер, педагогдор жана үнүн жаңы деңгээлге чыгаргысы келгендер үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Орундар чектелүү!