Таласта "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин курулушу 70% аяктап калды
Таласта "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин курулушу 70% аяктап калды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Облус башчысы Эрмат Жумаев 15-июлда курулуш иштеринен кабар алып, анын аткарылышын жеринен көзөмөлдөдү.
Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат.
Комплекстин аймагында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, кинотеатр, китепкана жана мейманкана курулат.
"Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплекси келечек муундар үчүн тарыхый жана маданий баалуулуктарды сактоого кызмат кылуу менен бирге, Талас облусунда маданий туризмди өнүктүрүүгө да олуттуу салым кошот.
Аталган комплекс Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын Талас облусунда белгилөө салтанатынын алкагында, президенттин катышуусунда расмий түрдө пайдаланууга берилет.
