Жаш таланттар жана санарип  искусство: Бишкекте MICSON Festival 2026 фестивалы өттү
Маданият министрлиги
19 май

Жаш таланттар жана санарип искусство: Бишкекте MICSON Festival 2026 фестивалы өттү

Бишкекте 16-майда MICSON Digital Art Festival 2026 — санарип искусство, комикс, анимация жана заманбап визуалдык маданият фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага 1000ден ашуун конок катышып, чыгармачыл индустрия өкүлдөрүн, жаш авторлорду жана косплей сүйүүчүлөрүн бириктирди.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан келген спикерлердин катышуусунда лекциялар, панелдик талкуулар, комикс жана косплей сынактары, музыкалык программалар жана арт-базар уюштурулду.

Иш-чара кыргыз фольклорун заманбап форматта жайылтууга, жергиликтүү таланттарды колдоого жана креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө багытталды.