Бишкекте Вьетнам элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Хо Ши Миндин эстелиги ачылды
Бүгүн, 31-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы «Royal Central Park» комплексинин аймагында Вьетнам элинин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Хо Ши Миндин эстелигинин ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү жана чакырылган коноктор да күбө болду.
Салтанатта сөз сүйлөгөн төрага Марлен Маматалиев Хо Ши Мин Вьетнам элинин көз карандысыздыгына багытталган күрөшүүнүн символу катары дүйнөлүк тарыхта өзгөчө орун ээлеген көрүнүктүү мамлекеттик ишмер экенин белгиледи.
«Кыргызстан үчүн бул окуя дүйнөлүк масштабдагы тарыхый инсанга урмат көрсөтүү менен гана чектелбестен, эки мамлекет ортосундагы бекемделип келе жаткан достуктун жана жемиштүү кызматташтыктын жаркын символу да болуп эсептелет», — деди Төрага.
Ошондой эле Марлен Маматалиев Хо Ши Мин өзүнүн бекем эрки, даанышмандыгы жана мекенине болгон терең сүйүүсү менен тарыхта калганын айтып, анын Вьетнам элин бириктирип, заманбап мамлекеттин пайдубалын түптөөдөгү орчундуу ролуна токтолду.
Өз кезегинде Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Бишкек шаарында Хо Ши Миндин эстелигинин орнотулушу Вьетнам эли үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, кыргыз тарапка тарыхый мураска көрсөткөн урмат-сыйы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
