Парад, көргөзмө-жарманке. Баткенде эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
31 август

Парад, көргөзмө-жарманке. Баткенде эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө

Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Майрамдык салтанат өлкөнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандар — мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Абдыкадыр Орозбековдун, Исхак Раззаковдун, Абсамат Масалиевдин жана Мурат Салиховдун эстеликтерине гүл коюу жана куран окутуу менен башталды.

Андан соң жетекчилер жана иш-чаранын катышуучулары Баткен шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган көргөзмө-жарманкени көрүп чыгышты.

Көргөзмө-жарманкеде жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн, уз-чеберлердин колунан жаралган эмгектери, Баткен облусунда өндүрүлгөн айыл чарба жана өнөр жай продукциялары, ошондой эле «Социалдык контракт» долбоорунун катышуучулары тарабынан даярдалган продукциялар коюлду.

Майрамдык иш-чаранын алкагында салтанаттуу парад уюштурулуп, ага жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, муниципалдык органдардын, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана спортчулар катышты. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматтык унааларынын парады тартууланды.

Майрамдык салтанаттын расмий бөлүгүндө облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев облус жетекчилигинин атынан жалпы Баткен элин Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктады.

Ошондой эле Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, Баткен районунун акими Данил Иманалиев, Өзбекстан Республикасынын Сох жана Риштан райондорунан, Тажикстан Республикасынын Исфара районунан келген жетекчилер куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен уланды. Анда Кыргызстандын эстрада жылдыздары, маданият жана искусство өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү маданият мекемелеринин чыгармачыл жамааттары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Көрүүчүлөргө өлкөнүн тарыхын, эгемендүүлүктүн баалуулугун жана элдин биримдигин чагылдырган сахналаштырылган көрүнүштөр да тартууланды.

Мындан тышкары, майрамдык программанын алкагында улуттук спорттук оюндар уюштурулуп, кыргыз күрөшү, таяк тартыш жана аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлдү. Спорттук мелдештерге катышуучулар күчүн сынап, улуттук оюндарга болгон кызыгуусун көрсөтүштү.

Мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар өлкөнүн эркиндигин, эгемендүүлүгүн жана мамлекеттүүлүгүн даңазалап, мекенчилдик сезимди арттырууга багытталат.