Нарын шаардык мэриясы
31 август
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы. Нарын шаарында салтанаттуу иш-чара өттү
Нарын шаарында 31-август — Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн 35 жылдыгы салтанатуу белгиленди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Майрамдык салтанатта шаардыктарды президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Чекирбаев, Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Жылдызбек Эсеналиев куттуктады.
Майрамдык иш-чарада өнөр адамдары тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүштө мамлекеттин түптөлүү тарыхын, маданий баалуулуктары чагылдырылып, чоң программадагы концерт жана шаардык мекеме-ишканалары тарабынан парад уюштурулду.
