Белгилүү америкалык ырчы Николь Шерзингер Бишкекке келди
Сүрөт ачык булактардан алынды
31 август

Белгилүү америкалык ырчы Николь Шерзингер Бишкекке келди

Дүйнөгө белгилүү америкалык ырчы Николь Шерзингер Кыргызстанга келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан уюштуруучулардын өкүлдөрү тосуп алышты.

Николь Шерзингер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Шерзингер дүйнөлүк атак-даңкка легендарлуу The Pussycat Dolls тобунун солисти катары жеткен. Ал ошондой эле дүйнөлүк хиттерге айланган Don’t Cha жана Buttons аттуу ырларды аткарган.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи бүгүн, 31-августта "Бишкек Арена" стадионунда өтөт.