Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөдө кыргыз боз үйү көрсөтүлдү
6 октябрь

Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөдө кыргыз боз үйү көрсөтүлдү

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу кыргыз туристтик компаниясы “Инфо Сервис Компани” ЖЧКсы менен биргеликте 3-4-октябрда Уралдын борбор калаасында өткөн EXPOTRAVEL-2024 эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чарада Кыргызстандын стенди салттуу жасалгасы менен кооздолгон улуттук боз үй менен көрсөтүлдү, анда коноктор кыргыз тарыхы, каада-салты жана маданияты тууралуу баяндар аркылуу республиканын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Улуттук кийимдерди кийген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү конокторду боорсоктор менен тосуп алышты, "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү бөлүшүп, көрүүчүлөрдү чын дилден суктандырган жандуу маданий программа менен коштошту.


Маалымат үчүн: Урал туризм ассоциациясы тарабынан уюштурулган EXPOTRAVEL-2024” көргөзмөсү салттуу түрдө күз-кышкы туристтик сезонду ачат. Бул жылы катышуучулардын санына чет мамлекеттердин консулдук өкүлчүлүктөрү, Россиянын аймактары, россиялык жана чет элдик туроператорлор жана мейманканалар кирди.