Ысык-Көлдө эл аралык «Алые маки» хореографиялык сынагы өтөт
Ысык-Көлдө 2026-жылдын 1-7-июль күндөрү V эл аралык хореографиялык «Алые маки» фестиваль-сынагы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдайт.
2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фестиваль дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген бийчилерди, мугалимдерди жана чыгармачыл топторду бириктирип, маданий диалогго жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп келет.
Иш-чара «Антре» балет мектеби жана Эл аралык хореографтар союзу (Санкт-Петербург) тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулууда.
Фестивалдын алкагында сынактык көрсөтүүлөр, гала-концерттер, мастер-класстар жана чыгармачылык жолугушуулар өтөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана искусство сүйүүчүлөрү аталган эл аралык маданий иш-чараны чагылдырууга чакырылат.
