Улуттук музей менен Кытайдын Чжэцзян музейи маданият тармагында кызматташтыкты чыңдайт
Маданият министрлиги
31 август

Улуттук музей менен Кытайдын Чжэцзян музейи маданият тармагында кызматташтыкты чыңдайт

Кыргыз Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова менен Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясынын музейинин жетекчилигинин ортосунда расмий жолугушуу өттү.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, жолугушуунун жыйынтыгында эки музейдин ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлуп, музей ишмердиги жана маданий мурастарды сактоо жаатындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Кытай делегациясынын курамында Чжэцзян провинциясынын музейинин директорунун орун басары Лю Цзянань жана көргөзмө бөлүмүнүн директору Юй Цзиньхуэй болду. Иш-чараны «Долон корпорациясы» ЖЧКсынын башкармалыгы — башкы директор Чэнь Яцзин, башкы директордун орун басары И. Д. Касымбаева жана башкармалыктын катчысы Сан Санни уюштурду.

Меморандумдун алкагында тараптар өз ара тажрыйба алмашууну, уникалдуу музей экспонаттарын убактылуу берүү аркылуу биргелешкен жана өз ара көргөзмөлөрдү уюштурууну, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү, конференцияларды жана тегерек столдорду өткөрүүнү пландаштырууда. Ошондой эле музей адистеринин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик тажрыйба алмашуу жана музейге келгендер менен иштөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун алкагында музей тармагындагы инновациялык технологияларды колдонуу маселесине да басым жасалды. Чжэцзян провинциясынын музейинин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине виртуалдык чындык (VR) көз айнектерин белекке тапшырды. Жаңы жабдуулар музейде учурда иштеп жаткан «Лянчжу» санариптик маданий-музей көргөзмөсүнө интеграцияланып, келечекте кыргыз тарыхы жана маданияты боюнча иммерсивдүү долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.