«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын республикалык баскычынын жеңүүчүлөрү сыйланды
22 июнь

«Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашынын республикалык баскычынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз улуттук «Манас» театры жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) тарабынан уюштурулган «Манас таануу» республикалык интеллектуалдык телетаймашынын йн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, манасчылар, мугалимдер, окуучулар жана алардын ата-энелери катышты.

Салтанаттын алкагында Кыргыз улуттук «Манас» театрынын өнөрпоздору концерттик программа тартуулап, төкмө акындар Азамат Болгонбаев менен Кутман Садыбакасовдун айтышы, театрдын манасчыларынын аткаруулары жана “Ураан” ансамблинин концерттик номерлери көрсөтүлдү.

Таймаштын жыйынтыгында алдыңкы орундарды ээлеген командалар жана алардын жетекчилери сыйланды. Ошондой эле өзгөчө айырмаланган 30 мугалимге маданий-таанып билүү сапарына жолдомолор тапшырылды. Алардын ичинен 15 мугалим Түркия Республикасына, дагы 15 мугалим Өзбекстан Республикасына жолдомо алышты.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жаш муундардын «Манас» эпосуна болгон кызыгуусун арттырып, улуттук баалуулуктарды жайылтууга жана кыргыз элинин руханий мурасын кеңири өздөштүрүүгө өбөлгө түзүп келет.